Марал Радиосу

Майрамбек Осмонов жана Самара Каримовадан жаңы дуэт

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант Майрамбек Осмонов «Сүйдүм чок» аталышындагы концерт берээрин «Марал шоу» программасына берген маегинде билдирди.

-Биздин залкарларыбыз Дарика Жалгасынова, Анара Мадиева, Нуржамал Табалдиева, Зейнеп Шакеева баш болгон “Өмүр сапары” аттуу ырды жаздырып жатабыз. 1-2-январь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда “Сүйдүм чок” аталышындагы жеке концертимди берейин деп турам. Жогоруда аталган “Сүйдүм чок” аттуу ыр Самара Каримова менен аткарган дуэтибизден алынды. Бул ырды Кыялбек Урманбетов он жыл мурун жазган экен. Өзүм орус мүнөз, шаардык балдардын образын чагылдырып, театралдаштырылган мыкты концерт болот деп кызуу даярдыктар жүрүүдө.