Марал Радиосу

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир суткада 326 адам кайрылды

Акыркы суткада Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 326 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 232 бейтап — жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ичеги оорусу менен 22 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 7 адам ооруканага жаткырылса, 15 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Ал эми вирустук инфекция менен кайрылган 146 бейтаптын ичинен 50 адам ооруканага жаткырылып, 96 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү, — деп айтылат маалыматта.