Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 491 | 0

29- 31-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM