Марал Радиосу

Маданият мекемелеринин бир тобу реконструкциядан өттү

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 11 айдын ичинде эл аралык жана республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чараларды өткөргөн. Ошондой эле 26 тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объектилеринде инвентаризация жана паспортизация иши жүргүзүлдү. Кийинки жылы китепканалардын форматы өзгөрүлүп, өзгөчө тоолуу аймактардагы китепканаларга кошумча балдар үчүн курстар ачылып, толук заманбап каражат менен камсыз боло турганын  Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ал эми министрликтин алдындагы Туризм департаменти 2019-жылдын 11 айында 7 млн 800 миңден ашык турист келгенин жана кийинки жылга туристтердин саны мындан да өсө турганын билдирди.

Быйыл Кыргызстанда 80ден ашык маданий иш-чаралар өтсө, анын ичинен 7 иш-чара эл аралык деңгээлде болуп өткөн. 2020-жылы жалпы китепканалардын форматын өзгөрө тургандыгын, ал китепканаларда кошумча окуу борборлору ачылып, анда балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында бардык шарттарды түзүлөрүн Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов төмөнкүчө билдирди:

Китепканаларда балдар үчүн атайын окуу борборлору иштей баштайт. Жаш жеткинчектер үчүн англис тили, сүрөт тартуу жана робот чогултуу курстары ачылат. Заманбап шарттарды түзүп беребиз. Быйыл С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры бүткөрүлдү. Ага 16 млн сом бөлүнгөн. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы менен А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында толук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Келерки жылы Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театры жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинеде оңдоо иштери башталып, алар да толук реконструкциядан өтөт.

Андан сырткары, маданият мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 2020-жылда Бакен Кыдыкеева атындагы театры жана Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театры толук реконструкция болорун айтты. Ошондой эле, министр быйыл бир канча көркөм кыска метраждуу фильмдер тартылып, коомчулукка көрсөтүлүп жатканын да өз сөзүндө айтып өттү. Жалпы 7 толук жана кыска метраждуу тасмалар министрлик тарабынан каржыланып тартылган. 2020-жылга Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата даректүү тасманы тартуу иштери да бүткөрүлө тургандыгын билдирди.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу 5 жылдык стратегиялык пландын негизинде туризм жаатында ишкерлерди колдоо жана аларга шарт түзүп берүү боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

-Кыргызстанга 7,5 млн киши келет деп божомолдошкон. Алардын баары турист болбосо да, жарымын турист деп айтса болот. Келгендердин көпчүлүгү КМШ жана коңшу мамлекеттердин жарандары болушат. Ошондой эле, 60 күнгө чейин визасыз тартип киргизилген 52 мамлекеттен келгендердин саны көбөйгөн. 2018-жылы  өлкөгө 127 миң 750 киши болсо, 2019-жылы 136 миң 186 киши келген.

Облустарда түзүлгөн 7 медиа борбордо телекөрсөтүү, гезит, пресс-борбор, онлайн берүү, сайт бөлүмдөрү камтылып, алар заманбап техника менен камсыздалып, журналисттердин билимине да көңүл бурула турганын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков да өз кезегинде айтып өттү:

-Быйыл ЖМКга реформа киргизүү оор болду, бирок азыр бир топ иштер аягына чыгып калды. Эми медиа борборлор заманбап техника менен камсыздалат, андан сырткары журналисттердин билимине көңүл бурулат. Андан сырткары ЖМКларга мониторинг жүргүздүк, туура эмес иштегендерине айыппул салдык жана эскертүүлөр берилди. Негизи, ЖМКлар мыйзам чегинде иш алып барышы керек.

Айтсак, медиа борборлор юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошондой эле, ЖМКларга 1 жылда 3 жолу мониторинг жүргүзүлүп, 4 каналга айыппул  салынып, андан сырткары, телеканалдарга 59 жазма эскертүү берилген.

Кошумчалай кетсек, быйыл «Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты»  ЮНЕСКОнун Адамзаттык маданий мурасынын Өкүлдүк тизмесине киргизилди. Кыргызстан 2019-2023 жылдарга ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды. Министриликке мүчө болуу менен бул тармакта улуттук баалуулукту мындан да өнүктүүрүгө жана эл аралык көргөзмөлөргөгө чыгууга шарт түзүлөт деп министрликтегилер ишендирип өтүштү.