Биз менен байланышыңыз

Нур менен кактап айыктыруучу аппарат 2020-жылдын март айында алынып келет

Кыска кабар | 27 Дек 2019 | 440 | 0

Онкология жана гемотология улуттук борбору 7 млн долларга «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун каражатынын эсебинен кымбат медициналык жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул туурасында Өкмөттөн билдиришти.

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына 352 млн 026 миң сомго нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу 2 аппаратты алууга 2018-жылдын 28-ноябрында жарыяланган № 181106132198148 тендер боюнча сынак комиссиясы ишин баштаган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2 комплект «Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат» Жогорку энергиялуу радиотерапиялык жабдуу» лоту боюнча жеңүүчү аныкталган.

11-апрелде «MN Medical OU» жоопкерчилиги чектелген коому менен 3 млн 874 миң 778 доллар суммасына 2 комплект «Нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппарат» алууга үч жактуу келишим түзүлгөн. Келишимдин шарты боюнча Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын түз эсебинен ташуучуга 10% (387 477 доллар 80 цент) аванс которулган.

Жабдууларды орнотуу үчүн радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун талаптарына ылайык келген имаратты даярдоо зарыл. Учурда нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттарга бункерлердин радиациялык коопсуздук эсеби иштелип чыкты. Бекитүү үчүн бул эсептер Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Орусиянын көз карандысыз эксперттерине багытталган. Жабдуу 2020-жылдын мартынын аягында алынып келет.

Бункер даярдоо боюнча учурда долбоордук-сметалык документтер алынган. Аларды «Шаар куруу» мамлекеттик долбоордук институту тарабынан иштелип чыккан жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментине экспертизага берилди.

Бардык процедуралар аяктаган соң радиологиялык корпустун 1 жана 2-нур менен кактап айыктырууда колдонулуучу аппараттарбөлүгүн капиталдык оңдоо кызматтарын сатып алуу боюнча тендердик иш-чаралар белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM