Марал Радиосу

Алматыдагы учак кырсыгы: Кыргызстан жаранынын абалы канааттандырарлык

Алматыда кыйроого учураган учакта болгон Кыргызстан жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу кыргыз жараны болгон. Ал жаракат алып, Алматыдагы №1 ооруканага жаткырылган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери барып, жабырлануучудан кабар алып келишкен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Кырсыктан кийин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги борттогу жүргүнчүлөрдүн тизмесин тактоого киришкен.

Учак кырсыгында каза болгондордун саны 15 жеткени айтылууда.