Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 0…..-5… күндүз: 7…….12°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 6………11°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: -4……1….күндүз: 7……..12°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 2……..7°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -17……-22…..күндүз: -7..……-12°C
28-декабрда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0……-2°C, күндүзү 9………11°C.