Марал Радиосу

Ирактын президенти отставкага кетүүнү чечти

Ирак президенти Бархам Салих отставкага кетүү тууралуу парламентке өтүнүч жиберди. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы маалымдады.

Ал мындай чечимин учурдагы саясий кырдаалга ээ боло албай тургандыгы менен түшүндүргөн.

Буга чейин нааразычылыктардан улам, премьер-министр Адел Абдел Махди кызматтан кеткен болчу.

Ирактагы нааразычылык акциялары 1-октябрда башталып, андан бери 400дөн ашык адам өмүрү менен кош айтышса, 50 миңдейи ар кандай түрдөгү жаракаттарды алышкан.

Бул Ирактагы 2003-жылы Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки эң масшабдуу нааразычылык акциясы деп айтылууда.

Демонстранттар алгач мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ошондой эле, өкмөт башчы жетектеген бийлик өкүлдөрүн жалпы отставкага кетирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан.