Марал Радиосу

Шыкмаматовдун ордуна жаңы депутат келди

Өз арызынын негизинде депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна Ата-Мекен партиясынын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болду.

Бул чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) бүгүнкү отурумунда кабыл алынганын боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов депутаттык мандатын ташыруу үчүн БШКга кечээ арыз менен кайрылган.

БШК: Алмамбет Шыкмаматовдун мандаты алынды