Марал Радиосу

БШК: Алмамбет Шыкмаматовдун мандаты алынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун арызы каралып, депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, партиядан да чыгарын айткан болчу. Мындай чечимди кабыл алуусуна партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калгандыгы себеп болгон.

Шыкмаматов мандатын тапшырып, Ата Мекенден кетти