Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Тыштан келген насыяларды жана гранттык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу» аттуу темада маалымат жыйынын өткөрдү. Ал 1992-жылдан бери Кыргызстанга келген гранттык жана кредиттик акчалар, ошондой эле кредиттик негизде алынган каражаттарды төлөө боюнча презентация жасады.
Кыргызстанга 1992-жылдан бери сырттан 10 миллиард 193 миллион доллар жардам катары келген. Анын 7 миллиард 320 миллиону кредиттик негизде болсо, 2 миллиард 873 миллион доллары гранттык негизде берилген. Кыргызстан чет өлкөлөрдөн эң көп 2009-2018-жылдар аралыгында каражат алган. Бул тышкы жардамдын басымдуу бөлүгү Кытай эл республикасынан алынган. Каражаттардын жалпы алынышы, сарпталышы жана төлөнүшү боюнча анализ жүргүзгөндүгүн айткан эл өкүлү Акылбек Жапаров Кытайдын Эксим Банкынан алынган каражаттын эң көйгөлүү экендигин айтты:
—Кытайдан 1 миллиарддан ашык акча алганыбызды айтып келебиз. Биз бул өлкөдөн 2 миллиард 105 миллион доллар кредит алганбыз. Эң чоң кредитти акыркы 4 жылдын ичинде алдык. Болгондо да эң аз убакытка, 20 жылга 2 пайыз менен алып койдук, . Бул биздин фермерлерге жазында берип, күзүндө кайра алгандай эле нерсе. Чоң акча үчүн 20 жыл өтө аздык кылат. Жогоруда айтылган сумманын ичинен 73 миллиону эле грант болуп эсептелет. Эң жаман жери биз кредитти Кытай өкмөтүнүн Эксим Банкынан алып алдык. Муну “байланган кредит” деп коёт. Эксим Банк практикасында карызын бир да жолу эч кимге кечкен эмес экен. Бул, албетте, өтө кооптуу.
Сырттан алынган акчанын эң көп бөлүгү транспорт тармагына, энергетика тармагына жана бюджетти колдоого жумшалган. Алсак, энергетика тармагына 1992-жылдан бери 1 миллиард 854 миллион кредиттик жана 294 миллион доллар гранттык негизде алынган каражат колдонулган. Бирок андан бери энергетика тармагында алдыга жылыш болуп-болбогондугу, канча ГЭСтин курулуп-курулбагандыгы айтпасак да белгилүү. Ал эми 2 миллиард 293 миллион доллар кредит, жана 373 миллион гранттык каражаттарды колдонгон транспорт тармагындагы абалды депутат Акылбек Жапаров ЖКнын айланасындагы оюлуп жаткан жолдордун абалында мисал келтирди. Буга кошумча ал келген гранттардын каякка кеткендиги, эффективдүү пайдаланышы боюнча да так маалымат жок экендигине токтолду:
-1992-жылдан бери бюджетти колдоого 2 миллиард 600 доллар алыптырбыз. Мунун негизинде биз өзүбүздүн саламаттык тармагыбызды, билим берүү тармагыбыздын баарын оңдоп алышыбыз керек эле. Ал эми биздин балдар учурда кандай болуп жатат деп ойлондуңарбы? Ушул билими жок, ден-соолугу начар, дүйнө жүзүндө өздөрүнүн ордун таба албаган абалына кошумча кылып көп карызды калтырып жатабыз. 1992-жылдан бери 10 миллиарддан ашык каражат финансы министрлигине келген. Тилекке каршы, биз техникалык жардам, гуманитардык жардам боюнча бир да мекемеден отчет таппай койдук. ТИМден да, парламенттенда, өкмөттөн да тапкан жокпуз. Айтор, сырттан келип жаткан акчанын көлөмүнүн пайдалуу жагын дагы, канчалык эффективдүү колдонулгандыгын дагы биз билбейт экенбиз.
Акылбек Жапаровдун пикиринде, башка өлкөлөрдөн кредит алуудагы негизги каталар тажрыйбанын жана карыздарды башкаруу боюнча так укуктук базанын жоктугу, пайдасыз кредиттик келишимдер, жагымсыз шарттар, ошондой эле кепилдиктерди башаламан берүүдө улам болгон.
Бирок алгандын берер күнү жакындап, көпчүлүктү ойго салган маселе да бышып жетилип калды. Кезинде финансы министрлигин жетектеген, экономикалык илимдердин доктору, ЖКнын бир нече чакырылышынын депутаты Акылбек Жапаров абалдан чыгуунун жолдорун төмөнкүчө көрөт:
-Кытай Республикасы менен Эксим Банктан финансы министрлигине өткөрүү жөнүндө сүйлөшүп көрсө болот. Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр жакшы жүрбөй жатат, кат жазып коюп эле токтоп калып жатышат. Анткени финансы министрлигинин бюджети триллион доллар болуп кетти. Алардын министри же жетектөө бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп жолдорун тапсак болот. Экинчиси — болбой калса, өнүктүрүү банкына которсок болот. Дагы бир 20 жылга сүйлөшүп, төлөө мөөнөтүн узартсак. Такыр болбой калса, Советтер Союзу ураганда тышкы карыздын баарын Россия мойнуна алган. Биздин ушул Эксим Банктагы карызды Орусиянын бир банкына 40 жылга өткөзүп алсак. Же Орусиянын финансы министрлиги менен сүйлөшүп алсак да жакшы болмок. Айтор, ушундай аракеттерди көрүү зарыл.
Эл өкүлү буга кошумча жумуш орундарын түзүү менен салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мындан кийин каражаттарды жумуш орун түзгөн жана кошумча нарк түзгөн багыттарга берүү керектигин айтты. Буга кошумча бюджеттик колдоо болсо, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы приоритеттүү болушу керектигин, буга чейинки кредиттерди колдонууда бул тармактардын көңүл сыртында калганын кошумчалады.
Ал эми Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов буга чейин «Маралга» берген маегинде мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн каражат толук бар экенин билдирдирген. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын баасы боюнча Кыргызстандын тышкы карызы стабилдүү деңгээлде. Тышкы карыздын көлөмү коркунучтуу эмес. Алсак, тышкы карыздын көлөмү 2018-жылы ИДПга карата 48 пайызды түзгөн.