Биз менен байланышыңыз

Президент балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 848 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык иш-чарага катышты. Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан балдар келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Ата-бабаларыбыз бизге көп улуттуу, ынтымактуу элибизди, ажайып кооз, татынакай жерибизди мураска калтырып кетти. Биз өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Убакыт абдан тез өтөт. Аз эле мезгилден кийин өлкөбүздүн жүгүн силер көтөрөсүңөр, мекенибиздин тагдыры силердин колуңарда болот. Ошол бийик максаттарга даяр болгула. Силерге биз абдан чоң үмүт артабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана балдарга бекем ден соолук, чексиз бакыт, окууларына ийгиликтерди каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Өз кезегинде балдар мамлекет башчысына роботту тартуулашты.

Балдарга жаңы жылдык концерт, театралдаштырылган программа көрсөтүлдү.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Президенттин жаңы жылдык балатысына бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала келди.

Алардын ичинде окуунун отличниктери, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM