Марал Радиосу

«Бизнес-Транс-Сервис» жайында унааларды кошумча бажылык тариздөөдөн өткөрүүгө болот

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында кошумча автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдөн өткөрсө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 31-декабрь күнү жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт.

Буга байланыштуу автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк-Чыгыш” бажысынын Бишкек шаарынын Кожевенная 74 дарегинде жайгашкан “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайында  жеке жактар ташып келген автоунааларын бажылык тариздөөдөн өткөрсө болоорун кабарлайбыз. Бул “Бизнес-Транс-Сервис” бажылык тариздөө жайы саат 9:00дон 24:00гө чейин дем алышсыз иштейт.

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот: