Марал Радиосу

31-декабрда Чүй проспектисинде жол чектелет

Баш калаа Бишкекте 31-декабрь күнү Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

Бул чечим «Ала-Тоо» аянтында өткөн майрамдык концертке катышкандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган. Жаңы жылга карата уюштурулган концерт 31-декабрь күнү кечки саат 20:00дөн башталып, түнкү 23:30га чейин болот.