Марал Радиосу

Президенттик балатыга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы менен катышууда

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу Жаңы жылдык балаты өтүүдө. Майрамдык иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен чогуу катышууда.

Президенттин атынан өткөрүлгөн жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.