Марал Радиосу

Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттык орунга конкурс жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Азербайжан жогорку окуу жайларындагы даярдоо курстары, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 2020-2021-окуу жылына бөлүнгөн бир гранттык орунга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

  1. Арыз;
  2. Резюме (орус жана англис тилдеринде);
  3. Анкета, сөзсүз сүрөтү менен;
  4. Толтурулган өтүнмө формасы, сөзсүз сүрөтү менен;
  5. Билими тууралуу документ (англис тилине которулуп, нотариалдык тастыкталган);
  6. Паспортунун көчүрмөсү
  7. Медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (англис тилине которулган жана нотариалдык тастыкталган);
  8. Жүйөөлүк кат (орус жана англис тилдеринде);
  9. Англис тилин билүү деңгээли тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк

Документтер 2020-жылдын 24-январына (саат 17.00 ) чейин берилиши керек. Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет, маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Стипендияга төмөнкүлөр кирет:

— окуу үчүн төлөө акысы;

— эл аралык авиаучуулар (жылына бир жолу, эконом-класс);

— ай сайын берилүүчү стипендия;

— медициналык камсыздоо;

— визанын жана каттоонун баасы;

Курактык чектөөлөр:

— бакалавриат – 25 жашка чейин;

— магистратура – 30 жашка чейин;

— докторантура – 40 чейин.

Кыргыз тараптын конкурстук сынагынан кийин, министрлик тарабынан сунушталган талапкерлер Азербайжан тараптын кошумча тандоо конкурсунан өтөт (1. тиешелүү документтерди кароо; 2. Интервью онлайн).

Жогорку окуу жайлардын тизмеси: