Марал Радиосу

Президент: Бабановго 25 суроону тергөө берсин

Президент Сооронбай Жээнбеков “Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткени боюнча пикирин билдирди. Анда Өмүрбек Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин накта үлгүсү экенин айтты.

-Эми ага шарт түзүлдү. Мурда иш козголгон экен, тергөө жүрүп жатат. Барып чындыгын көрсөтүп, актансын. 25 суроону менин бергеним туура эмес экен. Аны тергөө сурасын.

Эске салсак, 20-декабрда “Республика” партиясы кезексиз съездге чогулуп, партия лидерин шайлаган. Анда Өмүрбек Бабанов саясаттан толугу менен кеткенин жар салып, ордуна партияны Мирлан Жээнчороев жетектей турган болгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын берүүдө.