Марал Радиосу

Кара-Кулжа районунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкүдөн жол жабылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 24-декабрь күнү саат 16:00 чамасында Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымындагы Тамчы тилкесине көлөмү болжол менен 3800м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, жабыркагандар болгон эмес.