Марал Радиосу

Өкмөткө гемодиализ аппаратын сатып алуу талабы коюлду

Кыргызстанда 2500 адам өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркайт. Алар гемодиализ алуу үчүн бир жолку дарыланууга 5 миң сомдон ашык акча коротот. Бул бейтаптарды бир топ түйшүккө салып жатканын парламенттин депутаттары көтөрүп чыгышты. Эл өкүлдөрү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү багытында сунуштарын айтышты. Жыйында өкмөткө гемодиализ аппаратын сатып алуу талабы коюлду.


Жогоку Кеңештин 26-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Табылды Тиллаев бейтаптар депутаттарга кайрылып, парламент ооруканага окшоп калганын белгиледи. Алыскы аймактарда оорулуулар гемодиализ алууда эбегейсиз кыйынчылыктарга туш болгонун айткан депутат бюджеттик гемодиализ алуунун шарттарына кызыкты.

— Гемодиализ боюнча кимге кайрылуу керек. Кайра эле кезек күтүүлөр… Баткен облусу боюнча карасак, 1100 чакырым жол жүрүп келип кезекти Бишкектен алышсынбы? Жок дегенде квота бөлүп койбойсуңарбы?

Өлкөдө 2500 адам өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркайт. Анын ичинен 1518 бейтап бюджеттик гемодиализ алат. Ага республикалык бюджеттен 736 млн сом каралган. Акысыз гемодиализ кызматы бирдиктүү электрондук кезек аркылуу ишке ашат. Азыркы тапта 61 бейтап кезек күтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эл өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

— Бейтаптар электрондук бирдиктүү кезекке турат. Кезек боюнча код берилет. Биз бошогон орундарга кезек боюнча жылдырабыз. Оорулуу гемодиализди каалаган, өзүнө ыңгайлуу жерден алууга укуктуу. Баткенде мамлекеттик борбор ачууну пландаштырып жатабыз. Финансы министрлигинен 240 млн сурадык. Бирок бюджетте мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнгөн жок. 

Ал эми Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков кезек күтүп жаткан бейтаптар үчүн 2020-жылдын январь айында казынадан акча  караларын маалымдады.

— Кийинки жылдын бюджетинде ММКФ аркылуу гемодиализге 974 млн сом каралган. Эгерде кошумча оорулар пайда болсо бөлүнгөн каражаттын алкагында каржылай берсе болот. Көйгөй жок. Биз оперативдүү түрдө 2020-жылы бюджет аткарылып жатканда кошумча акча бөлүп беребиз. Башында бюждеттик гемодиализге 200 млн сом каралган болсо, азыр миллиарддан ашып жатат. Аны казынадан толугу менен каржылап беребиз. Алсак, быйыл августта кошумча 275 млн сом бөлдүк.

Бейтап бир жолу гемодиализ алуу үчүн 5500 сом төлөөгө аргасыз. Депутат Иса Өмүркулов «Бул сумма ар бир үй-бүлө үчүн трагедия» деп, өлкөдө жол курулбай калса да, өкмөт гемодиализ аппаратын сатып алуусу шарт экенин белгиледи.

— 2500 кишиге аппарат сатып алып, камсыздоого болбойбу? Өтө муктаж болгондорду карабай коюудабыз. Өкмөт аппарат алуусу кажет. Болбосо мындан ары да оор болот. Айрым үй-бүлөлөрдүн сата турган эч нерсеси калбай калууда. Келгиле, башка иштерди коё туралы, бирок гемодиализ аппаратын алышыңар керек. Эгерде анын жалпы баасы кымбат боло турган болсо, эки жылга бөлөлү. Мен ушундай талап коёт элем. 

Ал эми вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2020-жылдан тарта алдын ала 2 миң кишини эсепке алып, ошого жараша каражат бөлүнөрүн билдирди.

— 1518  бейтап акысыз гемодиализ алып жатат. Ал эми кезекте турган орулууларга кошумча каражат карашыбыз кажет. Маселе ушунда. 

Жыйында Финансы министрлиги 2019-жылдын эсебинен ММКФка 859 млн сом карыз экени маалым болду.  Эл өкүлү Акылбек Жапаров министрлик жаңы жылга чейин карыздарды жабышы керектигин баса белгиледи.

— Кийин сатып алууларды каржылап, ММКФга акча бербей койсоңор өтө чоң чатак болот. Ооруканаларга 2018-2019-жылдын да карызын бербей жүрөбүз. Азыр 276 млн сом каражат таап, фондго бергиле. 

Эл өкүлдөрү мындан сырткары ММК Фонддун бюджетин кандай негизде бөлүштүрүлөрүнө кызыкты. Аталган мекеменин төрайымы Элнура Боронбаева каражат аймактарда катталган калктын санына жараша бөлүштүрөрүн кабарлады. Быйыл фонддун бюджети 15 млрд 720 млн 544 миң сомду түзсө, 2020-жылга 16 млрд 9 млн 829 миң сом каралган.

— Алгачкы медициналык жардамды көрсөтүүгө үй-бүлөлүк медициналык борборлордун бюджети калктын санына жараша түзүлөт. Мисалы, Бишкек шаарынын жалпы бюджети 3 млрд 813 млн сомдон жогору. Чүй облусунун казынасы 1,5 млрд сомго жакын. Жалал-Абад облусунун бюджети 2 млрд 10 млн 247 миң сомду түзөт. Жалпы 13 млрд 367 млн 679 мин сом. 

Депутат Өмүрбек Бакиров дарыгерлер жетишпей алыскы аймактын жашоочулары ММФке бөлүнгөн каражаттан пайдалана албай жатканын сындады.

— Кадр жетишпеген район, айыл өкмөттөр бар. Бул багытта кандай аракеттер болуп жатат? Маселени кантип чечесиздер? 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай көйгөйдү жоюу үчүн жаңы жылдан тарта медициналык мекемелерде бюджеттик негизде билим алган студенттер менен 3 тармактуу келишим түзүлөрүн кабарлады. Анын негизинде акысыз билим алган студент адис тартыш болгон аймакка барып  кызмат кылат.

— Мурунку жылдары бюджеттик негизде окуп, бирок ооруканаларга жетпей калган бүтүрүүчүлөр жок эмес. Алар учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан издөөгө алынган. Бүтүрүүчүлөр казынага коротулган акчаны кайра төлөп койсо болот. Бирок аны да жасабай жатышат. Бул маселени көзөмөлгө алып жатабыз. Демек, бюджеттик негизде окугандар сөзсүз түрдө ооруканага барып иштеши керек. 3 тараптуу келишим жыйынтыгын алып келет. Ал жерде бардык шарттар так жазылат.  

Кошумчалай кетсек, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети,  2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзамынын долбоору III окууга киргизилип, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Exit mobile version