Марал Радиосу

Бишкекте Азербайжан каржылаган 550 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарынын «Көк-Жар» кичирайонунда Азербайжандын эсебинен жаңы 550 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Капсула салуу аземине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев Худуш оглы, шаардын вице-мэри Уланбек Азыгалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Данияр Иманалиев, шаар тургундары, аксакалдар жана мугалимдер катышты.

Аталган мектепти куруу инициативасы Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекет башчыларына таандык болуп саналат.

«Көк-Жар» кичирайонунан 2.24 гектар жер тилкеси Азербайжан тарапка убактылуу пайдаланууга жана аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул жылдын жазында кол коюлган Кызматташтык боюнча меморандумга ылайык берилген.

Жаңы мектептин аянты 2031 чарчы метрди түзүп, 550 орундуу болуп, ар бири 25 окуучуга ылайыкташтырылган 22 класстан турат.

Ошондой эле, мектепте чоң актовый жана спорт зал, ашкана, китепкана, медициналык блок жана сабактан тышкаркы окуулар үчүн атайын класстар да каралган.

Exit mobile version