Марал Радиосу

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатууга президент катышты (сүрөт)

Кыргызстан коомчулугу белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.