Марал Радиосу

Казакстанда митинг учурунда кармалгандар ачкачылык жарыялашты

Алматыда Эгемендүүлүк күнү тынчтык митинги учурунда кармалган 20 чакты жаран 3 күндөн бери ачкачылык акциясын жарыялашып, тамак-аштан баш тартышууда. 10дон 15 суткага чейин кармалгандар соттун бул чечимине нааразычылык билдирип жатышат.

Соттолуучулар судья менен прокурордон чечим чыгарууда далил катары аудио жана видеожазууларды көрсөтүшүн суранган. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Кармалгандар көзөмөлдөн чыгарылганга чейин ачкачылык жараянын улантууну көздөп жатышат.

Алматы полиция департаментинин пресс-катчысы Евгений Лысенко ачкачылык жараяны тууралуу маалыматты четке каккан.

16-декабрь — Казакстандын Эгемендүүлүк майрамы күнүндө коңшу өлкөнүн эки шаарында 1986-жылкы «Желтоксон» окуясы жана 2011-жылкы «Жаңы-Өзөн көтөрүлүшүнүн» курмандыктарын эскерүү акциялары болуп өткөн. Айрым активисттерди акция башталганга чейин эле, үйлөрүнөн кармап кетишкен. Казакстандын ИИМинин маалыматы боюнча, 16-декабрда Алматы менен Нур-Султанда 55 жаран кармалган. Укук коргоочулар менен активисттер кармалгандардын саны ИИМ айткандан да көп экендигин белгилеп келишет.

Exit mobile version