Марал Радиосу

Бүгүн маркум Болот Шамшиевдин сөөгү жерге берилет

Бүгүн кинорежиссёр Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылат. Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 10:00дө өтөт. Болот Шамшиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү режиссёр узакка созулган оорудан улам, 21-декабрь күнү 78 жаш курагында президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.