Марал Радиосу

Памирден 10 кыргыз үй-бүлө Алайга көчүп келди (фото)

Ооганстандын Памир тоолорунда жашаган этникалык кыргыздардын он бүлөсү Алай районуна көчүп келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Раимбек Мамасеитов Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматта памирлик кыргыздар Алай районунун Сары-Могол айылына көчүп келгени айтылат. Аларды айыл тургундары тосуп алып, келген конокторго эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого ылайыкташтырып беришкен. Ошондой эле жылуу кийим, азык-түлүк ж.б. жашоодо керек болгон буюм-тайымдар менен жардам берип жатышканы айтылат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Алайда памирлик кыргыздардын айылы пайда болору айтылган болчу.