Марал Радиосу

Жалал-Абад: Нефти базадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү (сүрөт)

Бүгүн, 23- декабрда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан чыккан өрт саат 16:34тө чектөөгө алынып, саат 16:52де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.