Марал Радиосу

Жалал-Абад: Нефти базадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бүгүн, 23- декабрда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан Нефти базадан чыккан өрт саат 16:34тө чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн жеринде ыкчам топ жана 6 бөлүм иштеп жатат. Өрт тууралуу маалымат 16:01 түшкөн. Кошумча маалымат берилет.