Биз менен байланышыңыз

1 млн 200 миң сомдук дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаран кармалды

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 725 | 0

«Чон-Капка — автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 млн 200 миң сомдук дары-дармектер, 585 600 сомдук 1952 куту «Dirol» сагыздарын жана парфюмерияларды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетине Казакстандан келген Volvo үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда документте «сантехника» деп көрсөтүлүп, бирок жалпы суммасы 1 млн 905 миң сомдук ар түрдүү товар бар экени аныкталган.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран жүгү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM