Марал Радиосу

National Geographic басылмасы памирлик кыргыз балдардын сүрөтүн жарыялады

Америкалык National Geographic басылмасы фотограф Мэттью Палейдин (Matthieu Paley) памирлик кыргыз балдарынын ойноп жатканын чагылдырган сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө кыз менен баланын бетме-бет отуруп алып ойноп жатканын көрүүгө болот. Аталган басылма сүрөткө: «Эки кичинекей кыргыз көк шиберде ойноп жатышат. Балдардын ата-энелери Ооганстандагы Памир тоолорунун этегинде топоздорду кайтарып жүрөт», — деген билдирүүсүн калтырган.

Сүрөтчүнүн инстаграмдагы өздүк баракчасынан Памирге барган сапарында тарткан бир катар кооз кадрларын көрүүгө болот.