Марал Радиосу

Нур-Султан шаарында башкы балаты жандырылды

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында башкы балаты жандырылды. Салтанатка шаардын акими Алтай Кульгинов катышканын акимиаттын басма сөз кызматы жазып чыкты.

Бул жылы балатынын бийиктиги 25 метрге жеткен. Ошондой эле шаардын аймагындагы 20дан ашык муз аянтчалары эс алуучуларды кабыл алууга даяр.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы башкы балаты 13-декабрда жандырылган. Анын бийиктиги — 27 метр.