Марал Радиосу

Депутат: «Торугарт» аркылуу 5500 эшектин териси чыгарылып кетти

Башка өлкөлөрдө эшектин териси баалуу делип, сатып алгандар бар.  Буга чейин «эшек бизнесине» байланыштуу маселени бир катар депутаттар  көтөргөн. Ушул жылдын 4-апрелинде 1570 эшектин териси аткезчилик жол менен чыгарылган.

Жогоку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жакшы иштебей жатканын катуу сынга алып, ал Ветеринардык инспекция жеке компаниялардын бирине 16-ноябрда 5500 эшектин терисин «Торугарт» аркылуу чыгарып кетүүсүнө уруксат бергенин айтып чыкты. Депутатка алып чыгарылган эшектин териси боюнча кагаз түрүндө кат келгендиги тууралуу да айтып берди:

— Менин колума уруксат кагазы келип түштү. Жеке фирмага 5500 эшектин терисин «Торугарт» аркылуу өткөргөнгө уруксат бериптир.  5500 эшек деген абдан көп. Эгер булар бул жакта союлган болсо, эти кайда кетти? Ким көзөмөлдөп жатат? Кайсы жерде союлду? Эл тынчсызданып, жаңы жылга жакын базардан кандай эт алышты да билбей калды.

Кыргызстанда ишкерлер ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктап логистикалык борбор курган. Ал жерден эшектерди  тирүү сатышат. Буга чейин Оштогу эшек ферма боюнча да маселе көтөрүлүп, бирок жабылбай келет. Бул маселелерге көңүл бурулбагандыгынын себеби катары Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун  көмүскө иштерге аралашканы айтылууда.

Аталган инспекциянын жетекчисинин орун басары Кумар Исаков эшек союлганы тууралуу факты келбегенин айтып, мал союлган жерлерди ветеринар кызматкерлер  көзөмөлгө ала турганын айтты:

-Толук кандуу көзөмөлгө алынып, базарлар текшерилип жатат. Базар, дүкөндөргө атайын мониторинг жүргүзүп жатабыз. Жакында Бишкетин базарларын  мониторинг жүргүзөбүз.  Малдын союлган жеринен да текшерилет, атайын ветеринар кызматкерлер көзөмөлдөйт. Көзөмөлсүз эч бир жерде мал союлбайт. Ошондуктан, эшек союлду деген маалымат келген жок. 

Эми эл этти сатып алууда кооптонуп калдыбы? Этти көбүнчө кайсы жактан сатып ала тургандыгын шаар тургундарынан сурап көрдүк.

-Базарда, көчөдө саткандардан сатып алгандан кооптонобуз. Көбүнчө айылдан өзүбүз сойдуруп, этин алып келебиз.

-Алып аткан жерди караш керек. Чындыгында, мына азыр эшектин териси чыгып кетип жатат деп айтылып жатат. Сатып алгандан да кооптонуп калдык. 

— Базардан сатып албайм, өзүбүздүн айылда малыбыз бар. Азыр базарда сатылган эттерге ишенич жок. 

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында 18-декабрда Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга 54 унаа берилди. Унаалар 71 миллион сомго алынды, алар ведомствонун аймактык башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.

Жогорку Кеңештин депуаты Зиядин Жамалдинов ишин так аткара албай жаткан Ветеринардык инспекцияга 50дөн ашык атайын унаа берилгенин сынга алды. Депутат ага келип түшкөн катты укук коргоо органдарына берерин, эшектер кайсы жерде союлганын аныктап берүүсүн суранды.

Exit mobile version