Connect with us

Унааларды бажылык тариздөөдөн өткөрүү жайлары 31-декабрга чейин дем алышсыз иштейт

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 403 | 0

Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдөн өткөрүү жайларынын жумуш убактыларын узарткандыгы тууралуу маалымдады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-декабрь күнү жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн, Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк-Чыгыш” бажысынын жана “Түндүк Темир-жол” бажысынын башчыларынын буйруктарына ылайык ушул жылдын 20-декабрынан 31-декабрына чейин автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убактылары дем алышсыз жана саат 24:00гө чейин узартылды.

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот: Түндүк Темир жол» бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а. Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто”  унаа базары.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM