Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы ЖЕЭКтин чакан жана кеңири курамдагы жыйындарына катышат.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.