Марал Радиосу

Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти

“Республика” саясий партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти. Бул тууралуу ал өзү партиянын кезексиз съезди учурунда айтты. Ал байракты жаштарга берерин жарыялап, саясий долбоорун да жыйынтыктаганын жар салды. Партия лидерлигине Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бир добуштан шайланды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган болчу.