Марал Радиосу

Сузактык тургундун үйүн, унаасын өрт алды

Жалал-Абаддык жарандын турак үйү, гаражы, унаасын өрттө калып, күлгө айланды. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалар министрлигинин коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

Облустун Сузак районундагы Арал айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 147 чарчы метр болгон турак үйү, гаражы жана “Деу Матиз” үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен.

Адам өлүмү, адамдын ден соолугуна залал келген учурлар катталган эмес. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска тийишүүсүнөн болгону айтылат.