Марал Радиосу

Украина: Депутаттар кол тийбестигинен ажыратылды

Украинада депутаттардын кол тийбестигин жокко чыгарган чечим кабыл алынды. Мыйзамдагы мындай өзгөртүү экинчи окууда Жогорку Рада тарабынан жактырылды.

Документ 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Бул Украина президенти Владимир Зеленскийдин шайлоо алдындагы программасында аткарыла турган иштердин эң башкысы болгон. Анда Зеленский жана ал жетектеген «Элдик кызмат» партиясы жемкордукка айыпталганда мыйзам депутаттарга каршы кылмыш иштерин жүргүзө ала тургандай кылып шарт түзүүгө убада берген.

Жогорку Рада 450 элдик депутаттан турат.