Марал Радиосу

Ак үй: “Өкүлдөр палатасынын чечими — тарыхта калуучу эң уят саясий аракет”

U.S. Speaker of the House Nancy Pelosi (D-CA) wields the gavel as she presides over the House of Representatives approving two counts of impeachmeant against U.S. President Donald Trump in the House Chamber of the U.S. Capitol in Washington, U.S., December 18, 2019. REUTERS/Jonathan Ernst TPX IMAGES OF THE DAY - RC22YD9DPFVI

АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин жактырган Өкүлдөр палатасынын чечиминен соң, Ак үй жазуу түрүндө билдирүүсүн таркатты. Анда,  «Бүгүн Комитет кабыл алган чечим тарыхта кала турган эң уят, төмөнкү деңгээлдеги саясий аракет болду» деген пикир жазылган.

АКШ Конгресси президент Дональд Трампка 2 айыптоонун негизинде импичмент жарыялоо демилгесин кабыл алды.

1) Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу; 2) Трамптын өзүнүн ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуусу.

Мыйзам кабыл алуучулардын 230у колдоп, 197си каршы болгон.

Буга чейинки АКШнын тарыхына көз салсак, бир дагы президент импичмент аркылуу кызматынан четтетилген эмес. Бирок четтетүүгө аракеттер болгон.

Мисалы, 1868-жылы Конгресс президент Эндрю Жексонду бийликтен четтетүүгө аракет кылган.

1998-жылы Билл Клинтонго импичмент жарыялоо демилгеси көтөрүлгөн. Бул чечимдер Сенаттан ары өтпөгөндүктөн эки президент тең баалуу креслосун сактап кала алган.

Ал эми Ричард Никсон импичмент процедуралары баштагалганда эле өз эрки менен кызматтан кеткен. Ошентип, ал АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент болгон.

Эгерде учурдагы демилге Сенат тарабынан да колдоо тапса, Дональд Трамп Америка тарыхында импичмент аркылуу бийликтен четтетилген алгачкы өлкө башчы болот.