Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал саат 18:30га карата туруктуу

Саат 18:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чыр-чатакты андан ары күчөтпөө максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы Кыргызстан менен Тажикистандын жарандары тарабынан орнотулган тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер жүргүзүлүп башталды.   

Кыргызстандын жараны Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Сай жергесинде шарттуу чек ара сызыгына жакын жерден ага бөлүнүп берилген жер тилкесине тосмо дубал урушкан. Андан кийин 16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары шарттуу чек ара сызыгына жакын жердеги дүкөнүнө канатташ кылып дубал урушкан. 

Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.