Марал Радиосу

Чүй облусунда 11 ай ичинде 1072 өрт кырсыгы катталды

өрт

Чүй облусунда 11 айда боюнча 1072 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрт 27,4% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 39 миллиондон ашык сомду түздү. 13 адам каза таап, 11 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле өрттөн 5 адамдын өмүрү жана 547 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери катары отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан болду.