Марал Радиосу

Мыйзамсыз ташылып келинген 840 кг уксус кислотасы кармалды

Бишкекте 840 килограмм уксус кислотасын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Ф.М.Л» жоопкерчилиги чектелген коому  840 килограмм салмактагы 80%  уксус кислотасын уруксат берген документтери жок ЕАЭБтин бажы аймагына ташып келгендигин ачыкташкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.