Марал Радиосу

Көк-Ташта ок атышуу менен коштолгон чатакты күч органдары көзөмөлгө алды (видео)

Баткендин Тажикстанга чектеш Көк-Таш айылында абал турукташууда. Эки өлкөнүн күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, окуя болгон жерге жетиштүү деңгээлде аскер күчтөрү жеткирилген.

Эске сала кетсек, бүгүн Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик элдеринин ортосунда тирешүү таш атышууга айланган. Көп өтпөй тажиктер куралдан ок атып башташкан.