Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматов камактагы Садыр Жапаровго ырайым сурап, президентке кайрылды

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 1413 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов саясий ишмер Садыр Жапаровго ырайым сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен өз кайрылуумду төмөндөгү эки сап менен баштоону туура көрүп турам:

“Жакшы хандын жарыгы ар бир үйдү жарытат.
Жаман хандын жоругу кең дүйнөнү тарытат.”

“Хандык вазыйпа чуркаганга эмес, буюрганга таандык” деп көп угам. Ким эмне деген күндө да, бүгүн бул кызматты сиз аркалап жатасыз. Түшүнгөн адамга бул Жараткандан берилген оомат гана эмес — чоң сыноо. Кудайдын буйрук-өкүмдөрүн так аткарган инсан катары мен кайсы сыноолор жөнүндө айтып жатканымды туюп жатсаңыз керек. Мени кубантканы — бул милдетти аркалоонун акыретте да сурагы бар экенинен кабардар экендигиңиз.

Азирети Пайгамбар (САВ) куттуу хадисинде:
“Ырайым кылганга ырайымдуу Алла Таала дагы ырайым көрсөтөт. Жер бетиндегилерге ырайым жана мээрим көрсөтсөңөр, асмандагылар да силерге ырайым кылат” деп айтат. Өзүңүзгө маалым, Садыр Жапаровдун турмушунда орду толгус чоң жоготуулар болуп, турмуштун берген сыноосу соттордун берген жазасынан да ашып түштү. Демек, ал сиздин ырайымыңызга татыктуу…

Урматтуу президент!

Сизге жат эмес, бүткүл кыргыз элине белгилүү саясий ишмер Садыр иниңиз үзүлбөгөн үмүт менен сизден ырайым сурап турган учуру. Сиздин ырайымыңыз катар-катар жоготууларга, оор сыноолорго кабылып кан жутуп турган Садыр Жапаровго жана анын үй-бүлөсүнө кара булут айланган асманды жарып чыккан күндөй болору талашсыз,- деп айтылат Бактыбек Калмаматовдун кайрылуусунда.

Copyright © 2017 Maral FM