Марал Радиосу

Араптардын дресс-коду: Елизавета II баш ийип, Меркель четке каккан

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаеванын Сауд Арабиядагы жолугушууда, документтерге кол коюу аземинде кара түстөгү абай кийип киргени социалдык тармактарда сын-пикир жаратты. Айрымдар араб хансарайында дресс-код талап кылынса, биздин улуттук кийим исламга жооп берерин айтып, элечек кийип кирсе болмок деп жазышкан. Ошондой эле кара кийимди жаман жышаанга жоругандар да жок эмес. Албетте, дипломатиялык мамиле үчүн кийингенин, чымындан пил жасоонун кажети жоктугун белгилегендер да бар.

Сауд Арабияда кабыл алынган дресс код боюнча, аялдар жабык кийинүүгө жана баш кийим кийүүгө милдеттүү. Министрлик да Жээнбаеванын бул аракетин дипломатиялык маданият катары өлкөнүн мыйзамын, салтын жана көз-караштарын сыйлагандык деп баалаган.

Бул жагдайдан улам, дүйнөдөгү башка өлкөлөр Сауд Арабиядагы дресс кодго кандай карайт, ким баш ийген жана кайсы өлкөнүн саясатчы аялдары бул талапты четке какканына көз чаптырсак.

Улуу Британиянын премьер-министри болгон Тереза Мэй Сауд Арабияга болгон расмий визитинде башына жоолук салган эмес.


Ошондой эле Германиянын канцлери Ангела Меркель да дресс-код талабынан баш тарткан.

Германиянын мурдагы Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен да кызматта турган учурда Сауд Арабияга барган иш сапарында дресс-кодго ылайык кийинген эмес. Сауд Арабиясындагы тургундардын сынына кабылган министр бул өлкөнүн салтын урматтаарын, эрежелерди бузбоого аракет кыларын, бирок аттап өтпөй турган өзүнө тиешелүү принциптери бар экенин айткан. Ал шым кийип жүрөрүн, башына да жоолук салынбай турганын белгилеген.

Германияны жыйынтыктап, АКШга өтсөк:

Хиллари Клинтон АКШнын Мамлекеттик катчысы болуп турган кезде 2010- 2012-жылдары Сауд Арабияга болгон сапарында дресс-кодго ылайык кийинүүдөн баш тарткан.

Мурдараак Индонезияга барган сапарында жергиликтүү салтка ылайык башына жоолук салынган ханайым Мишель Обама, Сауд Арабияда дресс кодго баш ийген эмес. Бул аракети ошол учурда көпчүлүктүн сынына кабылган.

Андан эки жыл өтүп АКШ президенти Дональд Трамп үй-бүлөсү менен Сауд Арабияга барат. Жубайы Меланья менен кызы Иванка Трамп сауд королдугунун мыйзамын сыйларын, болушунча жабык кийим кийгенге аракет кыларын айтышып, бирок Мишелдей болуп талкууга себеп жаратпаш үчүн башына жоолук салынуудан баш тартышкан.

Ал эми Сауд королдугунун аялдардын баш кийими боюнча талаптарына ылайык кийинген же кийинүү этикасын сактаганга аракет кылгандар тууралуу айтсак, алардын сап башында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II турат. Өзгөчө стилде кийинген ханыша Сауд Арабияга келгенде, хансарайга алтын түстүү шарф жамынып кирген.

Ошол эле Британиянын ханайымы Камилла кара жоолук салынбаса да, баш кийим менен падышанын алдына өткөн.

Эми өзүбүзгө жакын делген КМШнын мисалында карай турган болсок, Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да Сауд Арабияга барган сапарында узун көйнөк кийип, жоолук салынган. Бул аракетин «дипломатиялык маданият жана башка өлкөнүн салт-санаасын, диний өзгөчөлүгүн сыйлоо» деп түшүндүргөн.

Сауд Арабиясында атайын дресс код милдеттендирмелери бар. Ага ылайык, келген коноктор, айрыкча, аялдар билеги, башы жана буту ачык болбошу зарыл.