Марал Радиосу

11 айда кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 13 конфликт катталды

11 айда кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 13 чыр-чатак болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Чыр-чатактардын келип чыгуусуна негизинен мамлекеттик чек аранын такталбаган аймактарында ар түрдүү курулуш иштерин баштоо себеп болгон.

Эске салсак, 15-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 14 адам жабыркап, бир чек ара кызматкери каза болгон.

Ошол эле учурда кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү боюнча эки өлкөнүн башчылары президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушуп, чек араны тактоо жана ажыратуу маселесин тездетүүнү макулдашышкан болчу.