Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстанда IT адистерди даярдоого колдоо көрсөтөт

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 1128 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Өкмөт башчы эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле, он жылдан бери «Бир айыл – бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеп, бул долбоорду өлкөнүн бардык аймактарында жүзөгө ашырууга чакырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө премьер-министр Япония менен гидроэнергетика чөйрөсүндө кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, экологиялык нормаларга жооп берген жаңы технологияларды колдонуунун зарылдыгы жана республикага инвесторлорду, ири япон компанияларын тартуу тууралуу сөз кылды.

Өз кезегенде элчи Сигэки Маэда эки мамлекеттин ортосундагы алаканы мындан ары да чыңдоо жана кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын айтты.

Элчи санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин жогору баалап, республиканын IT-технологиялар чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин белгиледи. Ошол эле учурда элчи жогоруда айтылган чөйрөдөгү адистерди даярдоо жана окутууну уюштуруу маселесине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бир айыл – бир продукт» долбоорун Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашыргандыгы, аны башка облустарга жайылтууга жасаган аракеттери жана ата мекендик өндүрүштүн экологиялык таза жана табигый азыктарын жергиликтүү рынокто жана чет өлкөлөрдө илгерилетүүгө салым кошкону үчүн JICA агенттигинин «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун башкы кеңешчиси Акихиса Харагучиге Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM