Марал Радиосу

Тармактык комитет Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчилик кызматка талапкерлигин карайт

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзия өлкөсүнө элчи кызматына талапкерлигин карашат.

Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Максат Сабиров билдирди.

Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болору жөнүндө буга чейин айтылып келген. Бул тууралуу саясатчы өзү да айтып, элчилик кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын белгилеген жери бар.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеште 2000-2005-жылдары депутат болуп турган. 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ал баш прокурор кызматын аркалаган.