Марал Радиосу

ИИМ: Жолдубаева камакка алынды деген билдирүү чындыкка дал келбейт

Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон башаламандык, барымтага алуу жана өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иши иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 16-декабрь күнү тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн күбө катары Кундуз Жолдубаева чакырылган. Суракка алынган соң, ал бошотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолдубаева камакка алынды деген билдирүү чындыкка дал келбейт, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы операция учурунда «Альфа» атайын кызматынын жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча ачылган иште күбө катары бир нече жолу сурак берген.