Марал Радиосу

Президент Сауд Арабияcынын Королуна кыргыз-сауд экономикалык фондун түзүүнү сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар кеңейтилген жана чакан курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектери талкууланды.

Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, анын расмий визити эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз делегациясын жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, Сауд Арабиясы менен кызматташууну өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелерин тереңдетүүнүн маанисин белгилеп, кыргыз-сауд экономикалык өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар кызматташуунун бардык тармактарында эки тараптуу өз ара кызматташууга даярдыктарын билдиришти.

Exit mobile version