Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева 48 саатка камакка алынышы ыктымал

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 527 | 0

КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаеваны  48 саатка камакка алышы мүмкүн. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлдөрү «Фейсбук» баракчасына жарыялашууда.

-Беш жашар кызы балдар бакчасында. Кечээ-жакында апасы операция болуп, айылга кеткен. Бир туугандары да айылда. Жалгыз бой аялды 5 ай бою эки күндүн биринде күбө катары суракка чакырдыңар! Эми…! Бул эмне деген акмакчылык! — деп билдирген аталган партиянын өкүлү Нуркыз Бакасова.

Эске салсак, Кундуз Жолдубаева бүгүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) саат 11.00дөн бери  сурак берүүдө. «Кой-Таш окуясы боюнча шектелип жаткан адамдар менен беттештирүүгө чакырылган болушу керек» деп  адвокаты Замир Жоошев кечээ «Марал» радиосуна берген маегинде божомолдогон.

Учурда ИИМдин имаратынын жанына Жолдубаеванын тарапташтары жана КСДП партиясынын өкүлдөрү чогулушууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM