Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 586 | 0

Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек арада чыккан чыр боюнча кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, анын натыйжасында чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселеси чечилмейинче, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймактарында ар түрдүү иштерди токтотуу чечимин кабыл алышты.

Учурда чек ара кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Чогулган тургундар тарашып, чек арадагы абал турукташты.

Эске салсак, бүгүн түштөн кийин тажик жараны такталбаган чек ара участкасына тосмо тосуп алган, аталган көрүнүшкө Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, аталган көрүнүшкө нааразычылыктарын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM