Марал Радиосу

Малайзиядагы элчилик кызматка Азимбек Бекназаров сунушталды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Анын талапкерлиги 17-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде караларын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор да болгон, Жогорку Кеңеште 2000-2005-жылдары депутат болуп турган.